Кыргызстандык мушкерлер кармашып урушуу боюнча Азия чемпиондугунда командалык эсепте 4-орунду ээлешти
Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугунда 4 медаль утуп, жалпы командалык эсепте 4-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди. Маалыматка ылайык, кармашып урушуу боюнча Азия чемпиондугу Орусиянын Нальчик шаарында өткөн. Ага 23 өлкөнүн мушкерлери катышкан. Ага Европа жана Америкадан да келип катышышты.
Кыргызстандыктардын курамынан түрдүү салмак категориялары боюнча 4 мушкер коло медаль тагынган. Алар Чолпонбек Байтереков, Азамат Табалдиев, Канат Абдуллаев жана Акматбек Жунусовдор болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.