Орусияга сатылып кеткен 2 адам апта аягында Бишкекке алынып келинет
Москвага
тилемчилик кылдыруу үчүн сатылып кеткен Токмок шаарындагы №2-жатак-мектептин
2 жашоочусу апта аягында Бишкекке алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн,
20-ноябрдагы маалымат жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Министрлик аларды табуу үчүн бардык аракетин жасады. Москвага
кызматкерлерди жөнөттүм. 24 жана 47 жаштагы жатак-үйдүн жашоочулары ишемби
күнү мекенине кайтып келишет",- деди Базарбаев.
Мындан
сырткары аталган жатак-үйдүн директору иштен бошотулганын кошумчалады.
Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Токмоктогу
жатак-үйдүн директору II топтогу эки майыпты 500 долларга Орусияга сатып жибергени айтылган. Алар Москванын метролорундагы станцияларда
кайырчылык кылышмак. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

