"Мыйзамсыз". Ысык-Көлдө бакты кыйып жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармалышты






Ысык-Көлдүн Түп районунда бак-дарактарды кыйып жаткан жергиликтүү тургундар кармалышты. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, тургундар бактарды мыйзамсыз кыйып жатышкан.
"Бүгүн, 24-январда болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында Түп районунун Ой-Тал жана Ой-Булак автожолунун боюнда эки даракты кыйып жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармалышты.
Алар Ой-Булак айылынын тургундары 32 жаштагы Д.С. жана А.О. болуп чыгышты. Кармалгандар күнөөлөрүн моюнга алышты.
Учурда тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, юридикалык баа берүү үчүн Түп РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
jigit.paren

24.01.2022. 20:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика жол баштап бербедиби
SHaidulda

25.01.2022. 00:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилдирип жыгач кылабыз деген го байкуштар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.