super.kg logo

"Пекин-2022": Олимпиада оюндарына баргандардан коронавирус илдети аныкталууда

 

Пекин Олимпиадасынын уюштуруучулары 4-январдан 22-январга чейин Кытайга келген 2 миң 586 адамдын ичинен 72 адамдан коронавирус илдетин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 72 адамдын 39у аэропортто тестирлөө учурунда, 33ү коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында оюндардын катышуучулары үчүн түзүлгөн лагердин ичинен табылган. Учурда Кытайга барган спортчулар күн сайын тесттен өтүшүүдө.

Олимпиада оюндарынын бардык катышуучулары Кытайга баргандан кийин 96 сааттын ичинде ПЦР-тестинин эки терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек жана алардын көпчүлүгү атайын уюштурулган чартердик каттамдар менен учушат.

Буга чейин Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада көрүүчүлөрсүз өтө тургандыгы кабарланган.

Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: