super.kg logo

Орусиянын коркунучунан улам Улуу Британия Украинадан дипломаттардын үй-бүлөлөрүн эвакуациялай баштады

 

Улуу Британия бийлиги Украинадагы элчиликтин айрым кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Орусиянын басып алуу коркунучу тууралуу эскертүүсүнөн кийин чыгарып кете баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бийлик британ дипломаттарына эч кандай өзгөчө коркунуч жок деп ишендиришкен. Бирок Киевде иштеген кызматкерлердин жарымына жакыны Улуу Британияга кайтып барат.

"Орусия тараптан күчөп бараткан коркунучка жооп катары элчиликтин айрым кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү Киевден чыгарылып жатат. Британ элчилиги ачык бойдон калат жана маанилүү иштерди аткарууну улантат", - деп айтылат Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Британ жарандарына өтө зарылчылык болбосо Украинага барбай турууну сунуштаган.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти АКШнын Киевдеги элчилигинин кызматкерлеринин бир бөлүгүнө жана дипломаттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Украинадан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө уруксат берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
25.01.2022. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Путин Украинаны тынч эле койбоду да ички саясатына аралашпай
25.01.2022. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрн койсо натого кирип оруска кол салат
25.01.2022. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Крымды алгандан баштап Оруссия жашоочуларынын кирешеси эки эсе азайды. Ушу Путинге пайда алып келеби? Жөн эле өнөр көрсөтүп ызы чуу салгысы бар. Эгер кол салса анда экономикасы кайра ылдыйга кетет.
25.01.2022. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuuman,крымда жашап жургонсуп суйлойсун сойрук
25.01.2022. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Путинди коюпЖапаровду толук кандуу ишке киргизип алалычы
25.01.2022. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Согуш башталып кетпеселе тынчылык болсун ылайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: