Ошто кичи автобустардын каттамдарын мобилдик тиркемеге туташтыруу пландалууда
Ошто жаз мезгилинен тарта бардык маршруттук каттамдарды мобилдик тиркемеден көрүүгө болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.Ага ылайык, жаз айларына карата калаадагы бардык кичи автобустарга GPS-навигаторлору орнотулуп, мобилдик тиркемеге туташтырылат.
"Учурда №125, 135, 107 маршруттук линиялардын кичи автобустары “MiniBus” тиркемесине туташтырылып, алардын иши онлайн көзөмөлдө. Жакынкы күндөрү бул системага №143, №108, №118 каттамдарды кошуу пландалууда. Ал эми жаз айларына карата калаадагы бардык кичи автобустарга GPS-навигаторлору орнотулуп, мобилдик тиркемеге туташтырылат. Мындан сырткары айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу кечки саат 20:00дөн кийин каттаган кичи автобустардын саны 2 эсеге көбөйдү", - деген жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев.
Эскерте кетсек, Ош шаарында күн сайын 650-700гө жакын кичи автобустар 45 каттамда жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Dembele84
25.01.2022. 11:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мобилдик тиркеме туташтырсан да,ал иттер оз убагында каттабаса толк жок да.Жол акыны которгуло,биз кечке чейин иштейбиз ,кыйратабыз деди эле,ошол эле корунуш.Маршрутка жок,элдер чогулуп сааттап кутуп турмай суукта
IOA
26.01.2022. 09:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















