Журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровдун иши башкы прокурордун жеке көзөмөлүндө

"Бул ишти башкы прокурор жеке көзөмөлүнө алды. Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Болот Темиров жана Болот Назаровдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.
Эртеси, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Ошол эле күнү төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-08-12

11:39
2025-08-12

10:47
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.