super.kg logo

Ошто "Тазалык" ишканасына 12 таштанды чыгаруучу техника берилди (фото)

 
Бүгүн, 25-январда Ош шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды ташып чыгаруучу 12 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Европа Биримдигинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз өлкөсүнүн аймактык директору Айтен Рустамова катышты.
Жаңы техникалар ЕБӨР, ЕИБ жана ЕБнин колдоосунда алынып, Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкарууга жардам берилүүдө. Аны менен катар "Тазалык" ишканасынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кызматкерлердин иш бөлмөсүнөн тартып кампа, унаа жуучу жайынан бери жаңыланды. Ага кошумча кызматкерлер жана жумушчулар үчүн ашкана ишке берилди.
Мэр Алмаз Мамбетов бул иштер Ош шаарынын тургундары үчүн таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Алдыда долбоордун алкагында полигон куруу маселеси талкууланды.
Эскерте кетсек, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана ЕИБ тарабынан каралган 2 миллион жана 3 миллион евро суммасындагы параллелдүү насыялардын эсебинен каржыланууда. Евро Биримдик да долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 миллион евро грант бөлүп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: