Кыргызстандык дзюдочулар БАЭнин Гран-Приси үчүн болгон эл аралык мелдешке катышат
Дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын курамынан 5 дзюдочу Бириккен Араб Эмираттарын Гран-Приси үчүн болгон эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 22-23-ноябрда Абу-Даби шаарында өтөт. Мелдешке өлкө намысын коргоо үчүн Кыргызстандан Ксения Бельдягина (52 килограмм салмакта), Гүлжаз Саимова (57 кг), Мээрим Момунова (63 кг), Арген Бактыбек уулу (60 кг) жана Ислам Баялинов (66 кг) аттанышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.