"Вакциналар эмне болду?" Саламаттыкты сактоо министрлигинен вакциналар боюнча комментарий беришти
Социалдык тармактын колдонуучулары электр жарыгы үзгүлтүккө учураганда вакциналар эмне болду деп суроо салышууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, вакцина сактай турган жерде генератор бар экендигин, эч кандай көйгөй жаралбаганын билдиришти.
"Вакциналарды сактай турган жерде дагы генераторлор бар. Эч кандай көйгөй жаралган жок" дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин электр жарыгы өчкөн убакта саламаттык сактоо мекемелеринде көйгөй жаралбаганы айтылган.
Эске салсак, Борбор Азияда электр шакекчесинде авариялык абал жаралган. Мындан улам өлкө аймактарында электр жарыгы өчүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.