super.kg logo

1 жарым миллион сом зыян келтирилген. Оштогу куурчак театры бюджеттен бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды

 
Ош облустук прокуратурасы тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
"Ош облустук куурчак театры тарабынан музыкалык жана чарбалык эмеректерди сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы менен "О.М.Б" жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылып, ортодо жалпы суммасы 1 миллион 490 миң сомдук келишим түзүлгөн.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө театрдын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, тендерде көрсөтүлгөн керектүү музыкалык жана чарбалык эмеректердин баарын кабыл албай туруп аталган компаниянын дарегине келишимдин толук суммасын мыйзамсыз которуп жиберишкендиги аныкталган.
Түзүлгөн келишимдин негизинде, театрга иш жүзүндө 399 миң сомдук музыкалык эмеректер гана келип түшкөн. Ал эми театрдын жетекчилиги кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында музыкалык жабдууларды жана башка чарбалык буюмдарга акты түзүшкөн. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 91 миң сомдук материалдык зыян келтирилген", - дешти маалымат кызматынан.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2022. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жебеген жеринер калбагангоо,олуп кетет окшойсунар араанынар ачылып,любой кычык,любой тешиктен соруп буттунор..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: