Жалал-Абад облусунда Чаткал районунан башка аймактарына электр жарыгы берилди
Жалал-Абад облусунда Чаткал районунан башка аймактарына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунан билдиришти.
"25-январдан 26-январга караган түнү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Учурда облустун Чаткал районунан башка аймактарына электр энергиясы берилди.
"Жалал-Абад электр" ААКнын башкы дирекциясы, район электр тармактар ишканасынын жетекчилери, башкы инженерлери жана ыкчам бригадалар күчөтүлгөн тартипте иштешет", - деп жазылат билдирүүдө.
Бүгүн, 25-январда түштө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында электр жарыгы өчкөн. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:47
2025-08-12

10:11
2025-08-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.