super.kg logo

Орозайым Нарматова: "Кийинки беш жылда дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем"

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп, кийин мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматова анын ордуна депутат болуп келген Айгүл Айдаровага ийгилик каалады. Билдирүүнү ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Урматтуу достор! Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин соттошпогонумдун бирден бир себеби да ушул эле. Анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис. Мен кийинки беш жылда, Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем. Ал эми менин "соттошпойм" деген чечимимден улам фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп "баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек" деп тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты.

Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага "эми эмне менен алек болосуң?" деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда. Бирок ар дайым эфирде болом, буюрса. Айгүл эжекеме ийгилик каалаймын! Буюрса, биздин партия мыйзамдын диктатурасы кандай болорун трибунада көрсөтөт", - деп жазды Орозайым Нарматова.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берген. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болгон.

Ал эми бүгүн, 25-январда БШК анын депутаттык мандатын Айгүл Айдаровага тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(18)
25.01.2022. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сенда ары жок бир кара далы экенсиң да.
26.01.2022. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сага эле кимдин козу тушуп атат экен болгону 800 голостук акыбалын бартэкен суйлосон ааламды антарасын 1000 голос алганында айга чыгам демексин
26.01.2022. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Беш жылда ким бар да ким жок.
26.01.2022. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Он жолу келбейсинби, азыр кеттинби ошол эле керек мага .
26.01.2022. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Андан көрө куйөөгө чыгып бактыңды сура. Эми чындап оку сатып албай, мынтип актана бербей уялсаң боло.
26.01.2022. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адахан менен мамилен узулбосо келерсин))
26.01.2022. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы бар,барган жеринен бак тап
26.01.2022. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тилегиңе жет жакшы кызсың, келечекте ийгилик коштосун.Жаштарды жамандабай ийгилик каалайм.
26.01.2022. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jelezo,Билбейм кандай начарбыз ??????? Жашына деле асыла беребиз, жамандай беребиз , каралай, шылдындай беребиз......билбей колдоп коштоп, ийгилик каалап , поддержка дегенди качан уйронобуз
26.01.2022. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
daniel87,"өсөйүн десе бир кыргыз, өлүп эле кетет миң кыргыз" дегени бар го
26.01.2022. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Осуп келе жаткан патриот кызыбызга жакшы созунорду хотя бы айтып койсонор болбойбу дакансалар
modem4999 түзөттү 2022-01-26 02:06:47
26.01.2022. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
modem4999,Адахандын пешкалары айта бергиле, алдынала тургузуп алып
26.01.2022. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дааа, демек дипломду точно сатып алган окшойсун, соттошпойм дегенине караганда,эми ошентип өзүңдү өзүң алдайсын, дүйнө кыдырам тиги бу деп, негизинен мандатынды алып коюп жакшы кылышты, хотя бир чимкирик азайды.
26.01.2022. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
олкодогу билим денгээл окундурот ээх
26.01.2022. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сага караганда Шаарды көрө элек Чабандын кызы адептүүраак жана этиканы сактайт
Azat-123 түзөттү 2022-01-26 11:25:51
26.01.2022. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо кыска бироого жамандык тилебейли балки айткандары чындыр Ким билет Кудай баарын карап турат бул андай бул мындай деп комментте ар кимди жамандай Берген эркектер бар экен такыр жарашпайт ушак эркекке эркек болгула
26.01.2022. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик болсун! Эми дагы сатып албай өз күчүн менен алсаң.
26.01.2022. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Куурайдын башын сындырбаган дакансалар ар несени жаз берет конул бурба. Сен кучтуу кызсын ийгилик сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: