super.kg logo

Орусияда жашаган жери жок 8 Кыргыз жараны табылды. Алардын төртөөнө жардам көрсөтүлдү

 

Орусияда жашаган жери жок 8 Кыргыз жаранына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын арасынан 4 Кыргыз жараны жардам алуудан баш тарткан.

24-25-январда элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери оор абалда калган Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Москва шаарындагы Павелецкая, Казанский, Курская, Ярославский, Ленинградский темир жол станцияларына иш сапар менен барышты.

Анда Казанский жана Павелецкая темир жол станцияларында жашаган жери жок 8 Кыргыз жараны табылды. Алардын ичинен төртөө жардам алуудан баш тартты. Эки Кыргыз жараны мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк алып, кыргыз диаспоралык бирикмелеринин жардамы менен Кыргыз өлкөсүнө авиабилет сатып алынды. Бир жаранга ишке орношуу менен паспорт алууга жардам берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: