super.kg logo

Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы. Бишкекте шаардык кызматтар штаттык негизде ишин улантууда

 

Бишкек шаарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурагандан кийин "Бишкек суу канал", "Бишкек жылуулук электр", "Түндүк электр" ишканалары штаттык режимде ишин улантууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, ЖЭБде жылуулук жүктөө калыбына келтирилип, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук бериле баштады.

"Түндүк электр" ишканасы калаага электр энергиясын керектүү өлчөмдө берип жатат. "Бишкексууканал" ишканасы бардык насосторду ишке киргизди, суу алгычтар штаттык режимде иштөөдө. Мындан тышкары оңдоо иштери жүрүп жатат. ЖЭБде жылуулук жүктөө калыбына келтирилип, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук бериле баштады. Бүгүн аталган борбор жашоочулардын өтүнүчү боюнча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөт. "Бишкек жылуулук электр” борборунун отканалары штаттык режимде иштеп, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди", - деп билдиришти мэриядан.

Эске салсак, Борбор Азияда электр шакекчесинде авариялык абал жаралган. Мындан улам өлкө аймактарында электр жарыгы өчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: