super.kg logo

"Керемет Банк" Орусиянын СберБанкынан телефон номери аркылуу ыкчам онлайн-которууларды кабыл алууда

 

Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар "Керемет Банктын" кардарлары үчүн дагы да ыңгайлуу боло баштады. Орусиядан Кыргыз Республикасындагы туугандарга каражаттарды которууну эми, алуучунун эсептешүү же карт эсеби тууралуу так маалыматы болбостон туруп, уюлдук телефон номерин билүү менен гана «СберБанк Онлайн» мобилдүү тиркемесинин жардамы менен жүзөгө ашырууга болот.

«Керемет Банк» менен СберБанктын өнөктөштүгү кардарлар үчүн акча которуу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүп берет:

· Кызмат көрсөтүү ыкчам аткарылат жана күнү-түнү иштейт.

· Жөнөтүүнүн ар бир күндөгү чектөөсү - 150 000 рублга чейин.

· Кардарга которууну аткаруу үчүн банкка келүүнүн кажети жок.

· Комиссиясы пайдалуу – которулуп жаткан суммадан 1 % (минималдуу алганда – 30 рубль).

· Которулуп жаткан сумманы автоматтык түрдө улуттук валютага конвертациялоо.

· Кепилдик берилген коопсуздук жана акча которуунун жүрүмүнүн ачык-айкындуулугу.

«Керемет Банктын» кардарларына бир олуттуу артыкчылыгы бар: “СберБанк Онлайн” аркылуу которулган каражатты алуу үчүн кошулган интернет-банкингдин болуусу милдеттүү эмес – акчаны "Керемет Банктын" дээрлик бардык активдүү кардарлары ала алат!

Телефон номери боюнча “СберБанк Онлайн” аркылуу "Керемет Банктын" кардарынын эсептешүү эсебине жана картына которуу кандайча жүзөгө ашырылат:

1. «СберБанк Онлайн» тиркемесинин «Төлөмдөр» бөлүгүнөн “Чет өлкөгө” деген опцияны тандаңыз

2. Андан ары “Чет өлкөгө которуулар” кошумча барагынан “Телефон номери боюнча” деген тилкени басыңыз

3. Өлкөнү белгилеңиз

4. Сунуш кылынып жаткан банктар тизмесинен "Керемет Банк" дегенди тандайсыз

5. Алуучунун телефон номерин, которуу суммасын белгилеп, эсептен алып салуу эсебин тандайсыз

6. Алуучунун аты-жөнүн, сумманы текшерип, төлөмдү тастыктайсыз

7. Которулган каражаттар эсептешүү эсебине же Visa жана «Элкарт» карттык эсепке дароо келип түшөт.

СберБанк жана «Керемет Банктын» кардарларынын ортосундагы акча которуу кызматынан пайдаланып, анын ыңгайлуулугуна, ылдамдыгы менен коопсуздугуна баа бериңиз!

Кызмат тууралуу кыйла кененирээк маалыматты сайттагы чатты пайдаланып же болбосо (0312) 55 44 44 телефонундагы "Керемет Банктын" күнү-түнү иштеген контакт борборунан, ошондой эле (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp аркылуу тактап алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: