super.kg logo
  Саясат  

2013-жылдын 9 айында тамак-аштан массалык түрдө ууланган беш учур катталды

 
2013-жылы 9 ай ичинде коомдук тамактануучу жайлардан массалык түрдө ууланган беш учур катталды жана баарында ууланган адамдар эсен-соо сакайып чыгышты. Бул тууралуу 20-ноябрдагы маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдун саламаттыгын сактоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Сыдыков билдирди. 
"Жалал-Абад областындагы Шамалды-Сай шаарчасында 7 мектеп окуучусу ууланды. Чоң-Алай районунун Көк-Суу айылында 14 окуучу ууланганы тууралуу факты дагы катталган. Мындан тышкары Бишкектеги "Эне-Сай" кафесинде 132 адам массалык түрдө ууланып ооруканага жаткырылган. Акыркы мезгилде "Дордой" базарындагы "Мадина" кафесинде жана Чүй областынын Панфилов районундагы Вознесеновка айылында 25 бала ууланган фактылар катталган. Дарыгерлердин тийиштүү көзөмөлүнүн жана өз маалында берилген жардамдын негизинде баары жакшы айыгып чыгышты. Леталдык учурлар катталган жок",- деди Сыдыков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: