super.kg logo

MBANK тиркемесинин "ЛИМОНДУ УТУП АЛ” акциясынын аркасында 500 миң жаңы колдонуучу катталды

 

"Кыргызстан коммерциялык банкынын" MBANK тиркемеси «Лимон тандоо» акциясынын аркасында Кыргызстандагы эң популярдуу боло алды.

Акция 2021-жылдын ноябрында старт алып, аталган банктын мобилдик тиркемесин 500 000 жаңы колдонуучу көчүрдү. Бул заматта эле MBANK тиркемесин жүктөө боюнча лидерлердин бирине айлантты. Салыштыруу иретинде айтсак, бүгүнкү күндө башка ата мекендик банктардын 12 тиркемесине караганда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мобилдик банкингин көбүрөөк колдонуучулар көчүрүшкөн.

MBANK колдонуучулар үчүн эмнеси менен кызыктуу? Ооба, бардык функциялары менен, тиркемеде ыңгайлуу жана популярдуу банк кызматтары көп. MBANK тиркемеси менен акча которуулардагы көйгөйлөрдү унутта калтырат. Тиркеме бир эле кадам аркылуу жакындарыңызга акча которууга мүмкүндүк берет. Каражат которуу Кыргызстандын аймагында гана эмес, Орусияда дагы жеткиликтүү.

"Кыргызстан коммерциялык банкы" кызматташуунун кеңири географиясынын жана Орусиядагы эң ири "Сбербанк" менен тыгыз кызматташат. Анын аркасында Орусиядан Кыргызстанга да телефон номер аркылуу акча которуу оңой. Ошондой эле орусиялык банктардын Visa, MasterCard, MIR карталарынан толуктоо жүргүзүүгө мүмкүн. Орусияда канча кыргызстандык иштеп жатканын эске алганда бул абдан популярдуу кызмат экенин билүүгө болот.

Бирок жогоруда аталган кызматтар MBANK тиркемесин окшош колдонмолордон айырмалап турган жалгыз нерсе эмес. Биздин тиркеме колдонуучуга өз каражатын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, сиз ага бир нече эсептериңизди дароо туташтыра аласыз жана насыяларды төлөй аласыз, депозиттерди ачып жана толуктай аласыз, айыптарды төлөй аласыз, транзакциялар үчүн дүмүрчөктөрдү жана эсептин көчүрмөсүн күнү-түнү каалаган убакта талап кыла аласыз. Ошол эле учурда сиз көп баскычтуу коргоо тутумунун аркасында аманатыңыздын коопсуздугу жөнүндө тынчсызданбай эле койсоңуз болот.

Жаңы жана дайымкы колдонуучулар 2021-жылдын декабрь айынын аягында "Кыргызстан коммерциялык банкы" тарабынан жарыяланган MBANK'тын масштабдуу жаңыланышына ыраазы болушту. Ребрендингдин алкагында тиркеменин дизайны толугу менен өзгөртүлүп, анын функционалдуулугу кыйла кеңейтилген. Ошентип сервистин колдонуучулары эми сертификатка түздөн-түз ага буйрутма бере алышат, SMS эскертүүсүн, онлайн төлөмдөрдү туташтыра алышат. Ошондой эле чыгымдарды талдап, эсептерди жаба алышат, үч айлык эсеп көчүрмөсүн алып, дароо жүктөй алышат. Иштеп чыгуучулар ошондой эле тиркемеде акча талап кылуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртышты - эми сиз дароо колдонуучулардын тобуна суроо жөнөтө аласыз.

Ошондой эле сервистин башкы бетинде "Кыргызстан коммерциялык банкынын" акыркы жаңылыктары жана акциялары чагылдырылган. Тиркемеде дагы кызыктуу кызматтар бар: такси чакыруудан баштап үйгө тамак, дарыканалардан зарыл каражаттарды алдыртууга буюртма берүүгө чейин.

Көрүнүп тургандай, тиркеменин көптөгөн артыкчылыктары бар. Бирок колдонуучулардын агымы "Кыргызстан коммерциялык банктын" "ЛИМОНДУ УТУП АЛ" акциясын баштаганда болгон. Уюлдук телефонуна MBANK`ты орноткон ар бир колдонуучу сервистин ыңгайлуу интерфейсин баалап, анын бардык артыкчылыктарынан пайдаланып гана тим болбостон татыктуу сумманы да таба алат. Бул үчүн активдүү болуу гана талап кылынат. Тактап айтканда, досторуңузду жана тааныштарыңызды тартуу үчүн социалдык тармактардагы жана мессенжерлердеги баракчаңыз аркылуу шилтемени бөлүшүү гана жетиштүү.

Ар бир жаңы кошулган колдонуучу үчүн банк сиздин балансыңызга 50 сом, тиркемеге элди тартуу менен күндүн акырына чейин эң көп киреше тапкандарга дагы 5 000 сом, аптанын аягына чейин 50 000 сом берген.

Мындай сунуш муну менен бүтпөйт, банк акциянын аягында тиркеменин эң активдүү колдонуучусуна 1 миллион сом берет. Айтмакчы, акция 31-январга чейин күчүндө, демек, сизде дагы баш байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк бар.

https://bit.ly/500ksuperkg






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: