super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин алдында Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусуна каршы митинг өтүп жатат (фото)

 

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин алдында Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусуна каршы митинг өтүп жатат.

Алар колдоруна "Ташиев элдин уулу", "Шайырбек эл сени менен", "Шайырбектин эл шайлаган, эл чечет" деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Митингдин катышуучусу Куштарбек Кыдыралиев 7 облустан Шайырбек Ташиевди колдоп келишкенин айтты. "Баарыбыз биригип, Ташиевдин мандаты тапшырылышы керек дегенден бери тынчыбай жатабыз. Ал 20 миң элдин добушун алган. Биз анын мандатын тапшырганга жол бербейбиз. Ал элдин добушун алып келген", - дейт ал.

Алар Шайырбек Ташиев менен жолукмайынча эч жакка кетпей тургандарын айтышты.






Шайырбек Ташиевди колдогондор митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: