Дарига Назарбаеванын кудасы Берик Имашев мындан ары Казакстандын БШКсын жетектебейт
Дарига Назарбаеванын кудасы мындан ары Казакстандын БШКсын жетектебейт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тиешелүү жарлыгы менен Берик Имашев Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кызматынан бошотулду.
Мурдагы юстиция министри, президенттин жардамчысы Берик Имашев 2016-жылдын сентябрынан бери Казакстандын БШКсын жетектеп келген.
Берик Имашев Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Имашевдин кызы Аида менен баш кошкон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.