super.kg logo

Бишкектеги №130 жана №193 маршруттук таксилердин бетме-бет кагышы: Жабыркагандардын абалы айтылды

 

Бишкектеги кичи автобустар кагышкан жол кырсыгында жаракат алгандардын абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 26-январда Бишкектин Элебесов-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 18 адам жабыркаган. Арасында балдар жок. Кырсык болгон жерде Бишкек шаарындагы "Тез жардам" кызматынын 6 бригадасы иш алып барды. 17 жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, 1 жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилди. Эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, абалдары оор. Ар кандай жаракаттарды алган төрт жабырлануучу хирургия жана нейротравма бөлүмдөрүнө жаткырылды. 11 бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-январда болжол менен саат 12:30да Бишкек шаарынын Элебесов менен Арал көчөлөрүнүн кесилишинен №130 менен №193 кичи автобустар сүзүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.01.2022. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Болот Назаров эмес бекен биринде?нашада чегип алып кетип бараткан болбосун жакшылап текшергиле.
26.01.2022. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пейилди ондойлуу туугандар ,бизге кулку болсо болокко азыр кыйын болуп турат!аман эсен сакайып кетишсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: