super.kg logo

Йеменде төрөлгөн адамга Кыргыз жарандыгы берилди

 

Йемендин жараны Бахейт Халед Абдулла Мохамедге Кыргыз жарандыгы берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ал көп убакыттан бери Кыргыз жарандыгын ала албай, мамлекеттик тиешелүү органдарга кайрылып, бирок натыйжа чыккан эмес.

"Бул арызды кароонун жүрүшүндө Акыйкатчы аппараты УКМКга Бахейт Халед Абдулла Мухамедди Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле буга чейин Кыргыз жарандыгынан баш тартуунун себептери боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн. УКМКнын жообунан келишим жол-жобосу жүрүп жатканы, эч кандай тоскоолдуктар жок, башкача айтканда, арыз ээсинин документтери кабыл алынганы жана тиешелүү комиссиянын андан ары кароосуна уруксат берилгени көрүнүп турат", - деп билдирди Акыйкатчы институту.

2021-жылдын 5-октябрында Бахейт Халед Абдулла Мухамеддин документтери мындан аркы иштөө үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине өткөрүлүп берилген. Ал эми көп убакыт өтпөй эле 2021-жылдын 2-декабрында департаменттен УКМК менен макулдашылгандан кийин 2021-жылдын 22-ноябрында арыз ээсинин Кыргыз жарандыгына кабыл алуу боюнча арызы андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык берүү боюнча комиссияга жөнөтүлгөнү тууралуу жооп келген.

Президенттин 2022-жылдын 18-январындагы №8 жарлыгына ылайык, 1963-жылы туулган, улуту - араб, Йемен мамлекетинин Аден шаарында туулган Бахейт Халед Абдулла Мухамед Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.01.2022. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар кимге бере берип КР жараны деп созго калтырышат,туугандардын копчулугу алып алып тайрандап журот.
26.01.2022. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Агент, тынчыларга бере береби?
26.01.2022. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айжанга үйлөп коёбуз эми,күйөө бала болсун)))
26.01.2022. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ага эмнеси кызык экен же Кыз келиндерибизге уйлонот Бекен мунун тек жайын текшерип койгон жакшыго
26.01.2022. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларга берсе мейли,тажик озбектерге тонналап паспорт берип журуп,Ошко толуп кетти и копчулугу паспорт алып Россияга барып тайрандап журот
27.01.2022. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 жылдан кийин америкага окшоп негр президент келсе тан калбай калабызго кобойуп баратышат акырындап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: