super.kg logo

Лейлектин Көк-Таш айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты

 
Баткен облусунун Лейлек районундагы Көк-Таш айылынын тургундары чек арага чектеш айылдардын тизмесине киргизүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алымбаевге кайрылышты.
"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алымбаевге Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын тургундары кайрылабыз. Себеби райондогу Сумбула айылдык аймагындагы Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу кирип калганы күлкүлүү.
Көк-Таш айылы борбордон 1100 чакырым, райондун борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чек арага чектешкен айыл болгондуктан көйгөйлөр дагы болбой койбойт. Эл кыйналган учурлар болуп жатат", - деп билдиришти тургундар.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алымбаев жогорудагы маселе боюнча Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмеси боюнча абдан көп кайрылуулар болуп жатат. Буга чейин өзүмдүн баракчамда бул тизме боюнча маалымат бергем.
Аталган тизмедеги өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактары өкмөттүн 2020-жылдын 26-июнундагы №359 токтомунун негизинде кабыл алынган.
Туура, сиздер айтып жаткандай, тизмеге Баткен облусунун аймагындагы чек арага жакын айрым айылдары ошол эле кезде кирбей калган экен. Алар кайсы айылдар экендиги боюнча да маалыматыбыз бар. Учурда ошол 62 айылдын тизмесине кирбей калган айрым айылдар боюнча бүгүнкү күндө иштеп жатабыз.
Бул маселени жеке өзүм гана чече албайм. Бул боюнча өкмөттүн атайын комиссиясы да түзүлгөн. Кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча болгон күч-аракетибиз менен иштеп жатабыз", - деп жазган Алымбаев.





Лейлектин Көк-Таш айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.01.2022. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кок Таш айылынын озгочо макамга ээ айылга кирбей калганы эн туура эмес. Себеби айыл бардык жагынан Тажикстандын айылдары менен курчалган. Чек ара али тактала электининен жер талаш,мал отут кеткендинтен чырлар байма бай болуп турат. Эн алыскы,шарты оор тоолуу айыл болгондуктан жана чек ара койгойлорунон айылда азыр копчулук ички миграцияга кетип жатат. Айылга озгочо макам берип,жергиликтуу элди ар турдуу женилдиктер беруу менен алып калуу абзел.
26.01.2022. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Президент чечкиндуу эмес
26.01.2022. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лейлек районунун Кок Таш айылы райондогу эн шарты оор айыл болуп эсептелет. Тоо айылы болгондуктан кыш 6 айга созулат. Райондун борборунан айылга чейинки жол абдан оор. Дээрлик жол жок. Андан тышкары Тажикстан менен чектеш. Айылдын малдары тажиктер тарапка отуп кетет,жерлерине тажиктер эгин эгип алышат. Ошонун кесепетинен дайыма жанжал болуп турап. Айылда жаштар копчулугу башка жактарга кочуп кетууда. Женилдикдерди берип шарт тузулбосо айыл ээн калуу коркунучу бар.
26.01.2022. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы мезгилде айылда негизинен жашы откон карылар калган. Бир аз эле жаштар бар. Жаштар уйлорун жаап Россияга жана башка жактарга кетуудо. Айыл элине кошумча женилдиктерди берип,кызыктырып алып калуу керек. Ошондо эл тируу чек ара болуп калат. Болбосо чек ара тилкелери тактала электигинен жакынкы аралыкта айыл ээн калып,миндеген гектар жерлеиз,жуздогон гектар жайлоолорубуз тажиктерге отуп кетуу коркунучу бар. Ушуга окшогон койгойлуу айыл озгочо макамдагы чек ара айылына кирбей калган??????
26.01.2022. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айлык акы,пенсия,жолок пулдарды эки эселеп которуш керек.Анан налогдордон бошотуш керек.Ошол жерде калып бизнес,мал чарба кылам дегендерге без процент кредит бериш керек.Ошондо айылдагылар качпайт
27.01.2022. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлек районунун Көк-Таш айылынын Дейнөө участкасында 100% тажиктер жашайт. Жеңилдиктерге Көк-Таш айылында жашаган 97% кыргыздарды бөлүп коюп, 3% эл жашаган тажиктер жашаган Дейнөө участкасын кошуп койгону чындыгында күлкүнүчтүү жана кейиштүү. Айылдын башка улуттар жашаган бир бөлүгүн жеңилдиктерге киргизип коюу кандай гана сабатсыздык. Тажиктер пара берип өздөрүн коштуруп алганбы деген ой кетпей койбойт. Көк-Таш айылын сактап калуу керек, болбосо тажиктерге калып кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: