super.kg logo

"Эч кандай тиешебиз жок". УКМК Болот Назаров делген видео тасманын таралышына тиешеси жок экендигин билдирди

 

УКМК айрым адамдардын интернет тармагында жеке жашоо материалдарынын пайда болушуна ведомствонун тиешеси бар экендиги жөнүндө билдирүүсү боюнча эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, атайын кызмат улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды Конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырат.

"Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо.
Журналист Болот Темиров, акын Болот Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видео тасмалардын таралышына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз.

Кээ бир кызыкдар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, катуу сөздөрдү айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен коомчулукту адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууга чакырды.

Белгилей кетсек, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.

Эртеси, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Ошол эле күнү төкмө акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: