super.kg logo

Акыйкатчы институту: "Октябрь РИИБинде кармалган жаран кыйноого алынганын айтты"

 

Чүй районунун Кегети айылынын тургуну К.у.К. 2021-жылдын 16-ноябрында Октябрь райондук РИИБинин кызматкерлери тарабынан негизсиз камакка алынганын билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери аны Белорусская көчөсүндө жайгашкан милиция бөлүмүнө алып келишип, күч колдонушуп, айрым протоколдорго кол коюуну талап кылып кыйнашкан.

"Эртеси бул кызматкерлер мени медициналык күбөлөндүрүүгө №4 шаардык ооруканага алып барышты. Нөөмөтчү дарыгер денемде ур-токмоктун белгилери бар экенин жазып алган, андан кийин мени кайрадан шаардык милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жактан мени кайрадан эле кыйнап, ур-токмокко алышып, мен кылбаган аракеттерди моюнга алуумду талап кылышып, буюм уурдады деп күнөөлөштү. Мен кол коюудан баш тарттым. Ден соолугум кескин начарлап, баш мээм чайкалып калгандыктан “Тез жардам” кызматы эки жолу чакырылып, алар да ур-токмоктун издерин жазышкан. Октябрь РИИБинин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамсыздыгына карабастан, 2021-жылдын 18-ноябрында Октябрь райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге камакка алындым", - деген кармалган жаран.

Ал Акыйкатчы институтунан Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча иликтөө жүргүзүп, аларды жоопкерчиликке тартууну жана өзүнө коюлган мыйзамсыз айыптарды алып салууга жана камактан бошотууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

"Бүгүн, 26-январда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү СИЗО-1ге барып, камактагы К.у.К. менен жеке жолугушуу өткөрүштү. Анын жүрүшүндө арыз ээси Акыйкатчы институтуна жазган катында көрсөтүлгөн фактыларды тастыктады. Ошондой эле бели жана ичи ооруп жатканын айтып, №47 түзөтүү абагына дарыланууга которууга жардам сурады", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.01.2022. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Органда иштегендер унутпагыла Акыретте жооп беришинерди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: