super.kg logo

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен онлайн форматта сүйлөштү

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен өз ара кызматташуу боюнча онлайн форматта сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Улан Ниязбеков онлайн форматта төмөндөгү багыттарды баса белгилеген: “Өткөн жылдын октябрь айында Стамбул шаарында болгон биздин жолугушуубуздун жыйынтыгы менен коомдук коопсуздукту сактоого багытталган санариптик техникалык каражаттар бизге келди. Ошондой эле ал техникаларды колдонуу боюнча биздин кызматкерлерге үйрөтүү иштерин жүргүзүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Түркия полициясынын адистери Бишкек шаарына келишип, биздин кызматкерлерге кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү алдынкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, окутууларды, үйрөтүүлөрдү жүргүзүштү. 100гө жакын кызматкерибиз кыска мөөнөттүн ичинде алдынкы тажрыйбаларды топтошуп, өздөрүнүн ишмердигинде пайдаланууда. Учурда да Түркия полициясынын мыкты адистери коомдук тартипти сактоонун заманбап методдору боюнча окуу-семинарларды өткөрүүдө. Ошондой эле тажрыйба алмашуу максатында биздин кызматкерлерди Түркияга жиберүү маселеси да колдоого алынууда. Сиздер тараптан көрсөтүп жаткан жардамыңыз жана колдооңуз үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем”, - деген Ниязбеков.

Онлайн форматтагы жолугушууда Түркия мамлекети менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өз ара кызматташтыгын өркүндөтүү багытында приоритеттүү максаттуу багыттар талкууланган. Алсак, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын жогорку деңгээлде камсыздоодо, укук бузуулардын алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ошону менен бирге баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш алып барууда жана заманбап техникалык каражаттарды колдонууда өз ара тажрыйба алмашуу багытында иштерди күчөтүү керектиги баса белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: