super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктайт

 

Бүгүн, 27-январда кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу саат 18:00дө бүтөт. Бир мандаттуу округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганга чейин аяктайт, башкача айтканда келе жаткан жылдын 27-январына чейин (кошкондо).

Кайра шайлоого катышуу үчүн 54 жаран БШКга арыз менен кайрылды.

Эске салсак, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: