super.kg logo

Башкы прокуратура иш козгогон ишкана тууралуу “Бишкек” ЭЭА расмий билдирүү жасады

 

“Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иш алып барган ишкана 2019-жылы эле ишин токтоткон. Бул тууралуу «Бишкек» ЭААнын башкы дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы ишканалардын чарбалык иштерине кийлигише албайт. Ал “Бишкек” ЭЭАнын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ишканалардын аймактарын физикалык түрдө коргойт.

"Бул жерде айтылып жаткан ишкана “Бишкек” ЭЭАнын аймагында 2000-жылдан 2019-жылга чейин иштеген «Эрик Металл» ЖЧКсы болуусу мүмкүн. Ал магний, алюминий жана башка металлдарды кайра иштетип, өндүрүп келген. 2017-2018-жылдары «Эрик Металл» ЖЧКсы курамында алтыны бар тоо тектерди алып келип, экспорттоп турган. Товарларды бажылык көзөмөлдөө “Бишкек” ЭЭАнын бажы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле маалыматта "Бишкек" ЭЭАнын аймагында кен иштетүү жана бөлүп алуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганы айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясында ишканалардын бири алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иштеп келгенин билдирип, кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.01.2022. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишенген кожом сен болсоң, алды-алдынан тал карма демекчи, Садыр ишенип дайындаган Кудрет Тайчабаров башкарып жаткан Бишкек эркин экономикалык аймагы коррупциянын мекенине айланган корунот......

27.01.2022. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal10 э жамшут оттобочу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: