super.kg logo

Жабырлануучуну алдап, андан кийин коркуткан. Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

 
Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Шаардык ички иштер башкармалагынан кабарлашкандай, шектүү арзан баада унаа алып берерин айтып алдамчылык кылган.
Маалым болгондой, шаар тургуну Р.З. милицияга кайрылган. Ал 2020-жылы Сагыныч аттуу чала таанышы Хонда-Фит унаасын арзан баада Кореядан алып келип берем" деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125 миң сомун алган. Андан соң унааны алып келип бербей же акчасын кайтарбай койгон. Шектүү жабырлануучуну коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан.
Бул факты боюнча 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип Баткен облусунун 1985-жылы туулган С.С. аттуу тургуну кармалды. Ал мурда бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: