super.kg logo

Бишкекте маршруттук таксилер бетме-бет сүзүшкөн кырсык: Жандандыруу бөлүмүндө жаткандар палатага которулду

 

Бир күн мурда Бишкекте №130 жана №193 маршруттук таксилер бетме-бет сүзүшүп, анын кесепетинен 18 адам жаракат алды. Анын ичинен 2 жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө, төрт жабырлануучу хирургия жана нейротравма бөлүмдөрүнө жаткырылды. Ал эми дагы бир жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бүгүн, 27-январга карата ооруканада жаткан бейтаптардын абалы туруктуу. Бул туурасында Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

"Жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки бейтаптын абалы турукташып жалпы палатага которулду. Калган бейтаптар тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. Баарынын абалы туруктуу", - дешти оорукананын маалымат кызматынан.

Эске салсак, 26-январда Элебесов менен Арал көчөлөрүнүн кесилишинен №130 менен №193 кичи автобустар сүзүшкөн. Анын кесепетинен анын кесепетинен 18 адам жабыркап, 17 киши Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилет. Дагы 1 жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: