super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: “Кыргызстан КМШ мейкиндигинде туризм тармагындагы “түрдүү тоскоолдуктардын” жоюлушуна кызыкдар”

 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Санкт-Петербургда 20-ноябрда өткөн  Өкмөт башчыларынын кеңешинин жүрүшүндө “Кыргызстан КМШ мейкиндигинде туризм тармагындагы “түрдүү тоскоолдуктардын” жоюлушуна кызыкдар” деп билдирди.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 
Жантөрө Сатыбалдиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин 2020-жылга карата туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын каралып жаткан долбоору Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. 
“Туризм - элдерибиздин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөчү тармак. Ал биздин өлкөлөрдүн экономикасында башкы ролду ойнойт. КМШ мамлекеттеринин кызматташтыгынын алкагында каралып жаткан Стратегия багыттагандай туризм тармагын натыйжалуу өнүктүрүү зарыл. Кыргызстан туризм тармагындагы “түрдүү тоскоолдуктардын” жоюлушуна кызыкдар”,– деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: