super.kg logo

20 миллион сомдук курулуш! 2 атка минер жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

 

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну көзөмөлдөө боюнча өндүрүштүн алкагында 26-январда Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалды. Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталган.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Шектүүлөр Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: