super.kg logo

Чек арадагы атышуу: Баткендеги 7 айылдын тургундары Рават айылы тарапка эвакуацияланууда

 

Баткен районунун Ак-Татыр, Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуацияланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

"Лейлек районунун Кулунду, Максат, Сада айылдарында жашоочулардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды.

Ошондой эле Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн кооптуу чек ара аймактарында жашаган тургундар коопсуз аймакка эвакуацияланууда. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды", - деп билдиришти Баткен облустук администрациясынан.

Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.01.2022. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыштын кунундо эмне мынча мыкачы болушат экен бул ит тажиктер эмне аларга тынчтык керек эмес бекен
27.01.2022. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ойлоп карасан биздин жерлерди ушинтип коркутуп басып алабыз деп ойлоп ушул ишти кылып атышат жек оюм мыйзамсыз жол менен
27.01.2022. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болгон жанылыкты супер инфодон окуп атам ктрде айыл чарбасы жонундо тема талкуулап отурушат.
27.01.2022. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо РОББИМ ушул тажик калкына да ыйман ынсап бере көр, же болбосо өзүң жазаларын берекөр.Ар дайым ыйык күндөрү кол салышат.Бүгүн да Жума күнүнө оогон мезгилде башташты.АЛЛАХЫМ өзүңө тапшырдым ушул тажик бийлигин.
27.01.2022. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде чегинип айылдарды Тажиктерге өткөрүп берип талатып тоноткондон башка жолу барбы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: