super.kg logo

Президенттин администрациясында иштейм деп 4 миң доллар пара сураган адам кармалды

 

Ысык-Көлдө президенттин администрациясында иштейм деп 4 миң доллар пара сураган адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук милициясына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, Майрам аттуу аялга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, январь айынын баш ченинде белгисиз аял, өзүн президенттин администрациясынын кызматкери катары тааныштырып, "Кумтөр" ишканасына орноштурууга жардам көрсөтөрүн айткан. Маселени туура жагынан чечүү үчүн жогорку кызматтагыларга жана ишкананын жетекчилигине акча берүү керектигин айтып, 4 миң доллар сураган.

Кийин ал аялдын президенттин администрациясына эч тиешеси жок экени жана алдоо жолу менен андан акча каражатын өндүрүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон.

Бул окуя кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, ал ушул эле райондун 37 жаштагы М.А. аттуу тургуну экени белгилүү болгон.

27-январь күнү шектүү акча каражатын алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
28.01.2022. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайларга катуу колдонуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: