super.kg logo
  Саясат  

Ташиев: "Чек ара жаңжалында Кыргыз жарандары менен кыргыз аскерлеринде жоготуулар болгон жок"

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Анда журналисттерге кыскача кайрылуу жасап, айрым суроолоруна жооп берди.

Анда президент Садыр Жапаров абалды көзөмөлдөп жатканын, кыргыз аскерлеринин жана Кыргыз жарандарынын арасында жоготуулар жок экенин айтты.

“Президент азыркы убакка чейин түз байланышта. Абалды көзөмөлдөп турат. Кечээки болгон окуялар боюнча коомчулукка маалымат берип кетсек, жарандардын арасында аскер кызматкерлеринин арасында жоготуу болгон жок. Жеңил жаракат алгандардын негизинде, 11 аскер кызматкери жаракат алды. Алар азыр ооруканада”, - деди УКМК төрагасы.

Ошондой эле журналисттин “тажик тарап эл аралык келишимдерди бузганы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуулар болобу” деген суроосуна атайын комиссиясынын корутундусуна жараша чечим кабыл алынарын айткан.

“Бул боюнча атайын комиссия түзүлөт, ал бардыгын териштирип чыгат”, - деди Ташиев.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 11 кыргыз аскери жабыркады.






Камчыбек Ташиев Баткенге барды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: