Депутаттар Баткендеги кырдаалга байланыштуу бардык аракеттерди көрөт
Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Индира Куралбекова билдирди."Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.
Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин стабилдүүлүгү жана тынчтыгы бардыгынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыктан, чагымчылдыктан абайлайлы. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун", - дешет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:46
2026-08-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















