super.kg logo

Ошто түн жарымда үйгө кирген уурулар балдарын карап жаткан энеге бычак такап. Кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалды

 

Ош шаарында түн жарымда каракчылык жасоо үчүн үйгө кирген кылмыштуу топ кармалды. Милиция жабырлануучулар болсо арыз менен кайрылууну суранат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 11-январь күнү саат 00:05 чамасында Ош шаарынын тургунунун үйүнө белгисиз жарандар ок атуучу курал жана бычак менен куралданып, басып киришкен. Кылмышкерлер үйдө болгон бир миң 400 долларды, 12 миң сом акчаны, бир даана сөйкө, алтын чынжыр, билерик жана 2 уюлдук телефондорун карактап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголгон.

"Кылмыштуу топ 10-январдан 11-январга караган түнү Daewoo Lacetti унаасы менен жабырлануучунун үйүнө барып, алгач үйдүн терезесин бузуп кирип, үйдүн эшигин ачышкан. Үйгө кирип, балдарын карап отурган аялды көрүп калып, топтун бирөөсү колундагы бычагы менен анын көкүрөк тушуна такап, “үнүңдү чыгарба” деп эскертсе дагы бирөө колундагы тапанчадан жерди карай ок чыгарып, "сейф каякта, ачып бер болбосо өлтүрөм” деп коркутуп, үйдүн ичиндеги эмеректердин баарын тинтип, акча, сөйкө, телефондорду алып чыгып кетишкен. Зер буюмдарды шектүүлөр Жалал-Абад шаарына алып барып, 117 миң сомго сатып, акчасын бөлүп алышкан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөсүнөн бир даана телевизор, каракчылык фактысы боюнча бир даана ноутбук, ошондой эле бир даана белги берүүчү МР-371 КВ Жевело-Н сандуу тапанча алынган. Жыйынтыгында шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөр жөнүндө маалымат:

Б.О. 1994-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, бойдок, эч жерде иштебейт.

Р.Р. 1994-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну, үй-бүлөлүү убактылуу эч жерде иштебейт.

Т.М. 1999-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, үй-бүлөлүү, убактылуу эч жерде иштебейт.

М.У. 1994- жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, бойдок, убактылуу эч жерде иштебейт.

И.И. 1992-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, убактылуу эч жерде иштебейт.

А.Х. 1998-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, убактылуу эч жерде иштебейт.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу башка аймактарда дагы кылмыштары болушу мүмкүн экендигин эске алып, Ош ШИИБи кимде ким бул топтон жабыр тарткан болсо 03222-4-82-82 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.01.2022. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзбектер турбайбы
28.01.2022. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камала тургандан кийин, эркелетпейле коздорун ачып эле койбойсунарбы? Анан дагы ушул адамдардан жабыр тартсанар,кайрылгыла деп коёсунарда.козун жаап койсонор таанымак беле.
29.01.2022. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба балдарга ыйман берсин. Билеги кучко толуп турган маалы экен. Ак эмгеги менен эле акча табышса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: