super.kg logo

Ысык-Көлдө оптоволокондук кабелди уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Ысык-Көлдө оптоволокондук кабелди уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айынын башында "Кыргызтелекомдун" Чолпон-Ата шаардык бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда белгисиз адамдар көл жээгине жакын жерден өткөн эл аралык магистралынан оптоволокондук кабелинин зым чубалгасын кесип, уурдап кетишкендигин билдирген. Материалдык чыгым 21 миң 500 сомду түзгөн.

Бул факты райондук милициянын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. "Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган уурдоого шектүү жаран кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган, Бостери айылынын 27 жаштагы тургуну Ж.Р. болуп чыкты. Алгачкы суракта, кылмышка шектүү жаран күнөсүн толугу менен мойнуна алган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: