super.kg logo

Сары-Челек биосфералык коругунун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

 

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Сары-Челек биосфералык мамлекеттик коругунун ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө аталган мамлекеттик коруктун жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, биосфералык корукка тиешелүү болгон жылкыларды, оргтехникаларды жана сатылган бал челектердин акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 миллион 209 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: