super.kg logo

Ош ОИИБи: "Кара-Сууда окуучу мугалими бутун сындырганы боюнча арызданды"

 

Кара-Сууда мектеп окуучусу мугалими бутун сындырганы боюнча арызданды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Султанов атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 28-январь күнү Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн тургуну 47 жаштагы Э.З. арыз менен кайрылган. Анда 26-январь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында, баласы 15 жаштагы Т. Аны Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №83 А.Новои атындагы орто мектебинде дене тарбия сабагында ошол эле мектептин директору И.У. эч бир себепсиз Т.А.ны буттары менен тээп, дене бөлүктөрүнө уруп жаракат келтиргендигин билдирген.

Натыйжада жашы жете элек Т.А. сол бутунун тизеси сынып Кашгар-Кыштак айылдык ооруканасына кайрылган.

Аталган маалымат 28-январда Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Маалыматтын негизинде, Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу жашы жете элек 2007-жылы туулган Т.Анын дарыланып жаткан үйүнө барып, сурак кылган учурда төмөндөгүлөрдү билдирген. 26-январь күнү саат 12:30 чамасында өзү окуп жаткан Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №83 А.Новои атындагы орто мектебинде дене тарбия сабагы учурунда буттары ооруп машыкканга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген учурда ошол эле мектептин директору У.И эч бир себепсиз буттары менен дене бөлүктөрүнө тээп жана колдору менен уруп денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Ошондой эле окуя боюнча күбөлөр да жабырлануучу айткандай көрсөтмө берип, жабырлануучу Т.А классташынын жардамы менен үйүнө жеткендигин билдиришкен.

Азыркы учурда жабырлануучуга карата дене жаракатын аныктоо максатында соттук медициналык эспертиза дайындалды. Бул окуя боюнча алдын ала текшерүүнү Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
30.01.2022. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ООО булар ото докчу келет. Тиги мугалимди Карасуу райондук ички иштер болумуно охрана кылып коёт эми. Войдод олуп колса нима болаарди деп.
30.01.2022. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
zhaynak,бул мектеп туугандардыкыбы?
30.01.2022. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nazira...,ооба.Кошуна айыл
30.01.2022. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Колун кошо сындырсын !биздин убакта жанчып салса дагы уйго айткандан уялып жыгылып кеттим дечуу элек!
30.01.2022. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Озбекистанда Манас атында мектеп жок бизде болсо новои дейт кыргызча койбойбу мектептин атын озбектор окусада мамлекет кыргызго
30.01.2022. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чымын тийбес чынкылдактар.Мугалимдин укугунда карагыла,азыркы окуучулар ото бейтартип.
30.01.2022. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч бир себепсиз урбайт чекте чыгып анан жедиңда
30.01.2022. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуучу тойгузган болушу толук мумкун. Ким эле жону жок уруп тепкилей берет эле. Быдылдап каяша айткан да
30.01.2022. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура азыркы балдар өтө агрессивдүү, мугалим турсун ата-эненин тилин албай бейбаштык кылган учурлар өтө көп. Тарбия башаты үй-бүлө. Үй-бүлөдө ата башкара албаган баланы мугалим кантип башкарсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: