super.kg logo
  Саясат  

2021-жылдын жыйынтыктары: Стратегиялык кендер ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет

 

2021-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында алгач ирет "Кумтор Голд Компани" ЖАКсында убактылуу тышкы башкаруу киргизилди. Бул аракеттердин натыйжасында "Кумтөр Голд Компани" ЖАК өндүргөн бардык алтын республиканын аймагында жана анын менчигинде калууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Стратегиялык кендер (Андаш, Талды-Булак, Тоголок жана башкалар) мындан ары карай ата мекендик компаниялар тарабынан иштетилет. Бул максатта "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" жана "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы негизделген.

Министрлер кабинетинин буйругу менен 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүгө мораторий алынып салынды.

Жер казынасын пайдаланууда өз милдеттерин так аткарбаган пайдалануучулар тарабынан негизсиз кармалып жаткан лицензияларды кайтарып алуу максатында лицензияларды сактап калуу үчүн төлөмдөр жогорулатылды.

Жер казынасын пайдалануучулардын (Кумтөрдөн тышкары) рекультивациялоо фондунун каражаттары (340 млн сомго жакын) 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар банктарда (РСК Банк жана Айыл Банк ачык акционердик коомдору) топтолот жана аларды банктар кайтарымдуулук негизде пайдалана алышат.

Суу экосистемаларын сактоо, калыбына келтирүү жана суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында тоо-кен казып алуу тармагы үчүн жер үстүндөгү сууларды пайдалануусу үчүн жаңы төлөмдөр бекитилди - 1 куб метр үчүн 60 сомдон 100 сомго чейин (деңиз деңгээлинен 2700 метр бийиктикке/төмөндө жайгашкандыгына жараша).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: