Баткенде турак үйдөн өрт чыкты



Баткенде турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январь күнү кечки саат 19:22де Лейлек районунун Кулунду айылында турак үй өрттөнгөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, 21:51де толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты 52 чарчы метр. 5 бөлмөлүү турак үйдүн 2 бөлмөсүнүн, коридорунун ичи күйгөн. Үй ичинде эмеректер болгон эмес.
Материалдык чыгым: 9 даана стропила, 15 даана торсун, 2 даана терезе, 81 м рейка, 75 даана шифер, 3,9 куб тактай. Жабыркагандар жок.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.