Жалал-Абадда унаа оңдоочу жай өрттөндү (фото)





Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында унаа оңдоочу жай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"30-январь күнү Аксы районунун Кербен шаарындагы Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайдын жана эки кабаттуу автотетиктерди сатуучу дүкөндүн жалпы 480 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 09:55те толук өчүрүшкөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрттөн жабыркагандар жок. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.