super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы отставкага кетти

 

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова отставкага кетти. Бул тууралуу анын кеңешчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал бул кызматты 9 айдан бери аркалап келген. Кечээ, 30-январда Бакированын 9 айынын отчёту жарыяланган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынан Нургүл Бакирова өз каалоосу менен кызматтан кеткенин билдиришти. Ал президенттин атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди.

Өмүр баяны:

  • 1995-1997-жылдары Ош облустук прокуратурасы, стажёр, тергөө бөлүмүнүн прокурору, облустук прокурордун жардамчысы;
  • 1997-1999-жылдары Ош мамлекеттик университети, юридикалык факультеттин деканынын орун басары, "Адам укугу жана демократия" борборунун директору;
  • 1999-2003-жылдары Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институтунда Атайын юридикалык дисциплина кафедрасынын башчысы;
  • 2003-2007-жылдары Ош облустук сотунда судья;
  • 2007-2013-жылдары Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары;
  • 2013-2015-жылдары "Нур и Ко" юридикалык компаниясынын жетекчиси;
  • 2016-жылы январь эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси;
  • 2016-жылы февраль Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016-2018-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018-2021-жылдары Жогорку Сот, судья;
  • 2021-жылы Жогорку Соттун төрайымы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: