super.kg logo

Ошто аял кишини өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектүү жаран 11 жылдан кийин Москвадан кармалды

 

Ош облусунун Араван районунда 2010-жылы адам өлүмүнө шектелген жаран 11 жылдан кийин Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 2010-жылдын 17-июнунда кебетеси азиялык, болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Дадахан айылынын пахта талаасындагы каналдын жээгинен табылган.

Маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүүдө башында жана колдорунда ар кандай жарааттар бар экени аныкталып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Анда маркумдун баш сөөгү, кабыргалары сынган тастыкталган. Маркум Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин кызматкери, 1980-жылы туулган Алия Темирбаева экендиги аныкталган.

"Бир-нече адамдан турган кылмыштуу топ 2010-жылдын 10-июнунда маркум аялды Ош шаарынын четине алдап алып барып, ал жерден күч колдонуп сабап, электрошокердин жардамы менен коркутуп, 10 миң доллар талап кылышкан. Ошондой эле аялдын алтын, күмүш зер буюмдарын чечип алып, колу-бутун байлап, Кара-Суу районундагы каналга ыргытып жиберишкен. Бир жумадан кийин маркумдун сөөгү Ош облусунун Араван районунун аймагынан табылган", - деп жазылат маалыматта.

Кылмышка тиешеси бар адамдар кармалып, сот тарабынан алардын бири 25 жылга, экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылса, дагы бирөөсү оор кылмышты жаап-жашыргандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле бул оор кылмыштын активдүү шериктеринин бири изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

2022-жылдын январь айында издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери аныкталып Ош облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Тилек Айтиев аттуу жаран кармалган. Учурда аны өлкөгө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2022. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец атын толук жазыпсыңар
31.01.2022. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tsunse,соттун чечими чыккандан кийин жаза берет
31.01.2022. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи мундайлар атууга кетчу мурда. Азыр ишенич жок болуп калды он жылдан кийин кармалса эскирди деп кутулуп кетчу беле калп айтпасак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: