"Чабандын сөөгү табылды". Казакстанда миңден ашык кой өрттөнүп кетти (фото)






Коңшу Казакстандын Түркстан облусунда миңден ашуун кой өрттөнүп, чабандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 31-январда болгон. Анда Байдибек районунун Алгабас айылынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан дыйкан чарбанын аймагындагы эки кабаттуу сарай өрттөнгөн. Сарайдын биринчи кабатында майда мал, экинчи кабатында чөп сакталган. Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге 40 мүнөттө жеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 миң 150 баш кой жана 150 тонна чөп күйүп кеткен. Ошол жерден чабандын сөөгү табылган.
Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Jelezo

31.01.2022. 20:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мал сарайга чөп жыйуу өтө опурталдуу,тоют үчүн сарайдан алыс жерге навес куруу керек.
oopapa

31.01.2022. 22:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зекет бербегендин кесири болсо керек. Зекет садака ар кандай балээни кайтарат деп бекерге айтпаган
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.