Камчыбек Ташиев инисинин депутаттык мандаты боюнча: "Депутаттардын чечимине кийлигише албайм"
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Мен өзүмдүн оюмду айттым. Анын шайлоочуларынын, фракциянын чечимдерине кийлигише элекмин. Иним менен сүйлөшкөнгө колум тие элек", - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.
23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырарын айткан. "Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганда иним өлкөдө эмес болчу. Аны мен чакыргам, шайлоого 2 күн калганда келди. Мен кечээ иним Шайырбек Ташиевди чакырып, үйдө бир эле саясатчы болуш керектигин айтып, депутаттык мандатын тапшыруусун сурандым", - деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-3

