super.kg logo

Жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустан 4 килограммдан ашык баңгизат табылды

 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан жүргүнчү ташыган кичи автобустан 4 килограммдан ашык баңгизат табылды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, айдоочу Жумгалдын Чаек айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан.

Белгилүү болгондой, 20-январда саат 20:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан Мерседес Спринтер кичи автобусу токтотулган.

"Автобусту кинологдун жардамы менен тинтүү учурунда багаждан желим бөтөлкөлөр салынган коробка табылган. Коробкада болжол менен 3 килограмм 485 грамм болгон зат салынган. Ошондой эле сары түстөгү баштыкта 58 даана ширеңке кутучалары түрүндө жасалган гашиштей кескин жыты бар, болжолдуу салмагы 787 граммды түзгөн ачык күрөң түстөгү катуу зат табылган.

Алынган баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип автобустун жүргүнчүсү кармалды. Ал Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. болуп чыкты. Кармалган жаран мурда каракчылык боюнча соттолгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 282-беренесинин 3-бөлүмү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2022. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Подставада бироо эле наводка берди да!
31.01.2022. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кадамжайда участковый 2 кг наркотик сатты деп 1ай мурда куболор менен тастыктап берсем дагы камай албай жатышат го, анан жаш баланы эле подстава менен кармап алышат
31.01.2022. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жон эле постановка да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: