Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын багыты өзгөрдү
Бишкек шаарында бир катар маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар апта сайын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлөт. Жыйында бул ирет төмөнкү маршруттук каттамдардын багытын өзгөртүү чечими кабыл алынды.
- * №17 автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү, Жамгырчинов көчөсүнө кире турган жерди алып салуу чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
* Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен №188 маршруттук каттам Салкын-Төр жаңы конушуна чейин 1 айга убактылуу узартылды, калган схема өзгөрүүсүз калды.
* №185 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлүп, Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрү менен акыркы аялдамасы мечиттин жанынан каттайт. №185 маршруттук мындан кийин муниципалдык транспорт болуп саналат.
Белгилей кетсек, Лущихин көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн 5 кичи автобусту атайын бөлүп берүү чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















