Башкы прокуратура: "Келдибековго карата кылмыш иши 2010-жылы ачылган"
Парламенттин депутаты Ахматбек Келдибековго карата кылмыш иши 2010-жылы ачылган. Бул тууралуу
21-ноябрда Башкы прокуратуранын иликтөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында, 2010-жылы Келдибековго карата кылмыш иши козголуп,
бирок токтоп калган. Кайра кылмыш иши ачылып, 1 жыл иликтөөлөр жүргөн.
“Коомчулукта
Башкы прокуратура жөндөн-жөн кылмыш ишин козгоду деген ой жаралбасын үчүн биз
кылдаттык менен изилдеп чыктык. Бизде бардык далилдер бар”,- деди Салиев.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү боюнча жана 304-беренесинин 4-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, кечээ, 20-ноябрда камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

